2022-жылы белгилүү «Дос-Мукасан» тобу тууралуу көркөм фильм жарыкка чыгат

2022-жылы белгилүү «Дос-Мукасан» тобу тууралуу көркөм фильм жарыкка чыгат

Легендарлуу Дос-Мукасан тобу 55 жашка толду. Бул датага карата ата мекендик кинематографисттер музыканттардын чыгармачылыгына арналган көркөм фильмди тартышты. Тасманы тартуу иштери 2020-2021-жылдары жүргүзүлдү. Тартуу тобунун айтымында, бет ачар 2022-жылга белгиленген. Тасма чыныгы окуяга негизделген. Анда мындан жарым кылымдан ашык убакыт мурун жаш студенттер чогулуп, профессионал музыканттарга айланганы, ошондой эле, достук менен анын кандай бузулганы баяндалат. Чыгарманын жанры мюзиклдик болгондуктан көрүүчүлөр ата мекендик кинодо мурда болуп көрбөгөндөй жаңычылдыктарды көрө алат. Европага, Азияга, жада калса Америкага белгилүү топтун өмүр баяны боюнча тартылган тасма эч качан актуалдуулугун жоготпой турганы талашсыз, - дейт тартуу тобу. Алар аталган чыгарма ата мекендик кинонун алтын фондунан тарыхый чыгарма катары өз ордун табат деген ишенимде.

Которгон: Илгиз Жамалбеков