Казакстанда президенттик балатылар өттү

Казакстанда президенттик балатылар өттү

Президенттик балаты салттуу түрдө Казакстандын бардык аймактарында өткөрүлдү. Жаңы жылдык иш-чара ата-энесинин камкордугусуз калган, өзгөчө муктаждыгы бар, көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан, ошондой эле, окууда, спортто жана чыгармачылыкта чоң ийгиликтерге жетишкен таланттуу балдар үчүн атайын уюштурулган. Түркестанда 200 бала чакырылды. Майрамдын конокторун мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин атынан облустун акими куттуктады. Балдар ырдап, бийлеп, жомок каармандарынын катышуусундагы театралдаштырылган оюн-зоокко күбө болуп, эстеликке жаңы жылдык белек алышты.

- Бүгүн абдан кызыктуу болду. Бизге Аяз ата менен Аяз кыз келди. Мен балатыны жандырдым.

 - Мага жаңы жылдык кече жакты. Жаңы 2024-жылыңыздар менен!

Ал арада Костанайда балдар үчүн чыныгы жаңы жылдык бал уюштурулду. Анда  мыкты артисттер, бийчилер жана акробаттар балдарды сыйкырдуу жомокко жетеледи. Спектаклдин ажырагыс бөлүгү болуп балатыны жандыруу аземи болду. Анан албетте балдарга белектер тапшырылды.

Фариза Оспанова, 5-класстын окуучусу:
- Жаңы жыл менин эң жакшы көргөн майрамым, мен ага жыл бою даярданам. Жакшы окуп, улуулардын, мугалимдердин, ата-энемдин сөзүн угам. Мына эми менин кыялым орундалды. Мен эң маанилүү жана эң чоң жаңы жылдык балатыдамын. Мен өлкөбүздүн президентинин атынан балатыга чакырылганыма абдан кубанычтамын. Бул ар бир мектеп окуучусунун кыялы болсо керек.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков