Долбоорлор турак жай-коммуналдык чарбаны модернизациялоого жана аталган калктуу конуштардын социалдык инфраструктурасын жана жолдун сапатын жакшыртууга багытталмакчы. Буга кошумча маданий жана спорттук объектилер курулат. Эң негизгиси ичүүчү таза суу маселесин чечүүгө артыкчылык берилет. Өкмөттүн кезектеги жыйынында Айыл – өлкөнүн бешиги долбоорун ишке ашыруу маселеси каралды. 2019-жылы башталган программанын алкагында 2023-2027-жылдарга айыл аймактарын өнүктүрүү концепциясы иштелип чыккан. Жалпысынан бул мезгилде дарамети жогору үч жарым миң айылды аймактык стандарттар системасына шайкеш келтирүү милдети турат. Максаты — айыл калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Алибек Куантыров, улуттук экономика министри:
- Жалпысынан концепция төмөнкүдөй багыттардан турат: айылдын институционалдык өнүгүшүн камсыз кылуу, социалдык, инженердик жана транспорттук инфраструктураны интенсивдүү өнүктүрүү. Ошондой эле агроөнөр жай комплексин, ишкердикти, айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү аркылуу айыл калкынын кирешесинин деңгээлин жогорулатуу көздөлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков