«TortTulik». Мындай аталыштагы мобилдик тиркеме Казакстанда
үстүбүздөгү жылдын теке айынан тарта ишке киргизилген. Малчылар малын ушул
жерге каттаса болот. Электрондук платформа үй жаныбарларынын базасын кеңейтүүгө
жардам берет, ошондой эле ар бир ээсине өзүнүн жаныбарларын инвентаризациялоого
мүмкүнчүлүк берет. Ветеринарлар профилактикалык иш-чараларды өз убагында жана
комплекстүү жүргүзө алышат. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, программа
аркылуу ветеринардык паспортторду алуу, жоголгон биркаларды алмаштыруу, малды
каттоодон чыгаруу жана сатып алуу-сатуу иштерин жүргүзүүгө болот. Кошумчалай
кетсек, мобилдик тиркеме айыл тургундары үчүн маалымат хабына айланарын
тиешелүү бөлүм белгилешти. Колдонмонун акыркы өнөр жай жаңылыктарын, алдыдагы
эмдөөлөр жөнүндө кулактандырууларды жөнөтүү сыяктуу функциялары бар.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков