Казакстандык металлургдар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине урмат көрсөтүштү. «Арселор Миттал Темиртау» компаниясынын жетекчилиги Караганды облусунун ардагерлерин Жеңиш майрамы менен куттуктады. Ардагерлерге атайын майрамдык концерт уюштурулуп, баалуу белектер тапшырылды.
Биджу Наир, «Арселор Миттал Темиртау» АК башкы мүдүрү:
- Сиздерге компаниянын чоң жамаатынын атынан ыраазычылык билдирем. Согушта сиздер чыныгы баатырдыктын үлгүсүн көрсөтүп, жеңишке жетип, бизге бейпил турмушту тартууладыңыздар. Ошондуктан биз сиздерге түбөлүк карыздарбыз.
Быйыл компания тарап Николай Куриленкого өзгөчө көңүл бурду. Улуу Жеңиш майрамынын алдында ардагер 95 жашка толуп жатат. Карыя карыганына карабай майданга аттанганындай күчтүү, кайраттуу экенин айтат. Улуу Жеңишти жаш жоокер Польшанын Висла дарыясынын жанынан тоскон.
Николай Куриленко, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери
- Согуш башталганда мен жапжаш болгондуктан, аскерге алышкан жок. Мен согуш талаасына барып, жоокерлер менен согушууну кыялданчумун. Ошол жылдары атам каза болду. Жашым жеткен күнү дароо согушка аттандым. Жакшы аскер бөлүгүнө кирип, зениттик артиллерияда болдум.
Бүгүнкү күндө Темиртау шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 6 ардагери жашайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков