Сейрек кездешүүчү астрономиялык кубулуш – Күндүн тутулуусу тогуздун айынын 25инде болот. Жердин спутниги Күндү түштөн кийин 60-80% убактылуу жаап, казакстандыктар процессти Москва убактысы боюнча 16:26да көрө башташат. Күндүн 76 пайыздык максималдуу фазасы дээрлик бир сааттан кийин — саат 17:35те болору күтүлөт. Ал арада, астрологдордун айтымында, бул астрономиялык кубулуш ар дайым жаңы нерсенин башталышынан кабар берет. Дал ушул мезгилде, бул сиздин абалыңызды көзөмөлдөө үчүн маанилүү. Күндүн тутулуусу да өзгөрүүлөрдү алып келет, ал эми анын астында өтө турган чаян белгиси күчтүү трансформациядан кабар берет. Болгон өзгөрүүлөрдүн баары алдыга жылуу, тажрыйба топтоо керек дешет адистер.
Сабина Хакимова, астролог:
Ким күн тутулганын көргүсү келсе, көз айнек тагынууну унутпаңыз, Чаян белгисиндеги күн тутулуусу күчтүү өзгөрүүлөрдү алып келет жана так маалыматка даяр эмес адамдарга таасир этет, бул тутулуу жеке жашоого жана материалдык чөйрөгө таасирин тийгизет. Бул мезгилде маанилүү иштерди кылбаганга аракет кылыңыз, рухий өнүгүүгө көбүрөөк убакыт бөлүңүз. Мен бул мезгилди ырахат алууга, эс алууга, мисалы сууга түшүүгө, таза абада сейилдөөгө, медитацияга, үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен жакшы атмосферага бөлүүнү сунуштайм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков