Жетинин айынын 15 – улуттук валюта күнү

Жетинин айынын 15 – улуттук валюта күнү

Бүгүн Казакстандын Улуттук валютасынын күнү жана өлкөнүн каржы системасынын кесиптик майрамы. 1993-жылдын жетинин айынын 15де биринчи жолу теңге жүгүртүүгө киргизилген. Ушул учурдан тартып эгемендүү республиканын акча-насыялык жана экономикалык саясатынын тарыхы башталат. Улуттук валютаны долбоорлоо боюнча адистердин тобу 1991-жылдан бери иштеп келет. 1992-жылдын баш оона айында банкноттордун үлгүлөрү бекитилген. Теңгенин жүгүртүүгө киргизилиши ата мекендик экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы этабы болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков