Бүгүн, жалган куран айынын 14 - Казакстанда көрүшүү күнү. Дал ушул күнү эл кыштан аман чыкканына кубанып, бири-бирине жакшылык тилеп, дасторкон жайышат. Көрүшүү күнүн өлкөнүн батыш аймагынан тышкары Сырдарыя, Костанай, Торгай облустары, ошондой эле, коңшу Орусиянын Астрахань, Саратов, Самара, Оренбург облустары да кеңири майрамдашат. Бул майрамдын негизги шарттары – улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүү, алсыздарга жөлөк-таяк болуу, кедей-кембагалдарга жардам берүү.
Гүлден Есенгалиева, Актөбе шаарынын тургуну:
- Элге майрамдык маанай тартуулоо, ошондой эле, жаш муундарга бул салтты айтуу үчүн чыктык. Ошондуктан, биз мындай куттуктоолор менен көчөдө эле сейилдеп тим болбостон, коомдук транспортто жүргүнчүлөргө майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурдук.
Которгон: Илгиз Жамалбеков