Ошентип, Бакшагүл Байдолда казак элинин кылымдарды карыткан тарыхын, маданиятын өз чыгармаларында чагылдыруу менен бирге, өзүнүн тажрыйбасын жаш муундарга үйрөтүүгө умтулат. Ал колунда болгон ар кандай материалдар менен эски нерселерге жаңы жашоо тартуулоону билет.
Бакшагүл Байдолда, саймачы:
- Балдар качан гана саркеч зер буюмдар, баштыкчалар, оюнчуктар, музыкалык аспаптарды жасаганда, алар өз элинин баалуулуктарын сезишет. Балдар казак элинин каада-салттары, үрп-адаттары тууралуу көп нерселерди билишет. Мен өзүмдүн сабактарымда үйрөтүп жаткан экинчи маанилүү жагдай бул айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо.
Саймачы аялдын чеберканасы – музейди элестетет. Анын окуучулары ага экскурсияга көп келишет. Алар керексиз нерселерди толугу менен жаңы буюмга айландырууну үйрөнүү үчүн чыгармачылыктын бардык негиздерин шыктануу менен өздөштүрөт. Бул нерсе аларга республикалык мелдештерде байгелүү орундарга жетүүгө өбөлгө түзөт. Ал эми Бакшагүлдүн Түркия жана АКШдагы кесиптештери, кол өнөрчүлөрү кайра жаралуу кереметин көрсөтүшү үчүн аны өз мекенине чакырышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков