«Казак тилинин тарыхындагы доор: Ахмет Байтурсынов». Дал ушундай аталышта Анкарада улут мугалиминин 150 жылдыгына арналган илимий конференция өттү. Ага түрк тектүү илимпоздор, коомдук ишмерлер жана студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө реформатор окумуштуунун өмүр жолуна таазим этип, келечек муундарга кылган кызматы бааланды. Ахмет таануу илиминин өнүгүшү тууралуу сөз болду.
Анар Фазылжан, а. Байтурсынов атындагы тил жана илим институтунун мүдүрү:
- Кайсы гана улут болбосун ошол улутту эл аралык аренага алып чыга турган инсандары болот. Бул тууралуу тарыхта Лев Гумилёвдун этногенездин жалындуу теориясы бар. Албетте, муну сындагандар да бар. Бирок мен Байтурсыновдун инсандыгына карата пассионардык инсан деген терминди колдонот элем. Себеби, жалындуу адамдар өжөрлүк жана өзгөчө берилгендиги менен улутун бийик максаттарга жетелейт.
Гүрер Гүлсевен, түрк тили мекемесинин башчысы:
- Ал казактардын эле эмес, бүткүл түрк элдеринин агартуучусу. Ахмет Байтурсынов мекенинен сырткары көбүнчө Анадолуда изилденген. Ал тургай, түрк тилинде Алаш тууралуу диссертацияларды жактап, китептер жарык көргөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Улут мугалими» китебинин бет ачары болду. Алаш атуулдары үчүн окуялардын агымы муну менен эле чектелбейт. Жыл сайын ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдө түрдүү деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков