Костанай облусунда токой өртү башталгандан бери жакынкы конуштардан эки миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бүгүнкү күндө алардын көбү үйлөрүнө кайтышты. Калктуу конуштарга эч кандай коркунуч жок. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин билдирди. Акыркы маалыматтарга караганда, өрттүн негизги булактары өчүрүлдү. Азыр бир гана жер калды. Ал Баганалы айылына жакын жайгашкан. Бир күн мурун конуш тарапка өрт чыгуу коркунучу болгон. Өрт өчүрүүчүлөр кечээ айылды сактап калуу үчүн болгон күчүн жумшашты. Андан сырткары, токойдун айланасында айдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, түнкүсүн нөшөрлөгөн жамгыр жаады.
Юрий Ильин, Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри:
- Эми баары аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө гана көз каранды болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жетээри болжолдонууда. Ал бул күйүп жаткан жерлердин кайра күйүп кетишине себеп болушу мүмкүн. Бардык жерде күнү-түнү нөөмөтчүлүк аткарылып жатат.
Бирок экологдор коңгуроо кагышууда. Алардын айтымында, Костанай облусунда күйүп кеткен токойду калыбына келтирүүгө 15 жылдай убакыт керектелет, ал эми карагайлуу токойду калыбына келтирүүгө кеминде жетимиш жыл зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков