Быйыл Мамлекеттик эгемендүүлүк тууралуу декларациянын
кабыл алынганына 35 жыл толот. Ошондон бери татаал жолдордон өткөн Казакстан
олуттуу ийгиликтерге жетишти. Тарыхый документ өлкөнүн экономикалык көз
карандысыздыгын камсыз кылууга да негиз салды. Ошентип, 30 жылдан ашык убакыт
ичинде Казакстандын тышкы товар жүгүртүүсү 16 эсе, экспорт - 15,5 эсе көбөйдү.
Башкалар менен соода-алака горизонту кеңейди. Өнөктөш өлкөлөрдүн саны 195ке
жетти. Мындан тышкары, республика чийки заттык көз карандылыктан арылып келе
жатат. Бүгүнкү күндө өнөр жай, агроөноржай комплекси, логистика жана IT
секторунун өнүгүүсү ылдамдап баратат. Казакстандын аймактагы жалпы эл аралык
аренадагы кадыр-баркы ашып, өлкө геосаясий картада маанилүү оюнчулардын бирине
айланды. Көбү мүмкүнчүлүгү мол ишенимдүү өнөктөш катары тааныйт. Казакстан -
БУУ, ШКУ, КМШ жана ТМУ жана башка дагы эл аралык түзүмдөрдүн көрүнүктүү мүчөсү.
Мындан тышкары, республика глобалдык деңгээлде жаңы демилгелерди көтөрүп жүрөт.
Гүлмира Туканова, Президент алдындагы КСИИнун стратегиялык
талдоо бөлүмүнүн башкы серепчиси:
- Бул жагынан алганда, жаңыланып жаткан саясий системаны белгилеп кетким келет. Албетте, ал ушул 35 жылдын ичинде көптөгөн өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү. 2022-жылы кабыл алынган комплекстүү реформалар акырындык менен ишке ашырылууда. Бизде ушул тапта эле айыл деңгээлинде түздөн-түз акимдерди шайлоо бар, райондор менен шаардык деңгээлдеги акимдерди шайлоо өтүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

