Казакстандагы кырдаал тууралуу эл аралык маалымат каражаттары да чагылдырууда. Бирок жергиликтүү серепчилер чет элдик маалымат каражаттарын окуганда маалыматты талдоого кеңеш беришет. Белгилүү серепчи, журналист, телеалыпаруучу Рахым Ошакбаевдин айтымында, азыркы учурда маалымат каражаттарында жалган маалыматтар көп кездешет. Андыктан мекендештер расмий булактарга гана таянса дейт ал.
Рахым Ошакбаев, серепчи:
- Көпчүлүк чет элдик серепчилер орусиялык аскерлер менен ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн Казакстанга кириши Орусиянын таасир чөйрөсүн кеңейтет деп кооптонушат. Чет элдик маалымат каражаттары бул маселени кайра-кайра көтөрүп жатышат. Бирок бейпилдик күчтөр каатчылык учурда гана болоору белгилүү. Бизде азыр Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн келген миңдей жоокер бар. Алардын баары каатчылыктан кийин өлкөдөн чыгып кетээринде шек жок.
Улыбек Киманов, Президенттик жаштар кадр резервинин мүчөсү:
- Менин чет өлкөдө жашаган досторум көп, алар окуянын башынан эле батыштын маалымат булактарынан ар кандай шилтемелерди жөнөтө башташты. Алардын темасын окуганда эле бир жактуу гана маалымат берип жатканын түшүндүм. Көбүнчө бул терс мүнөзгө ээ жана өлкөдөгү кырдаалды толук түшүнүүгө мүмкүндүк бербейт. Менимче, Казакстандагы расмий маалыматка жетүү менен кырдаалдын турукташышын күткөн туура. Деген менен чындыкты билүүгө, ага талдоо жасоо үчүн сырттан байкап отурган жакшы деп ойлойм. Азыркы маалымат дүйнөсүндө адамдар туура эмес маалымат алышы мүмкүн. Андыктан мен аларга бардык маалыматтарга этият болууга кеңеш бергим келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков