Казакстан жеткиликтүү турак жай рейтингинде

Казакстан жеткиликтүү турак жай рейтингинде

Турак жайдын жеткиликтүүлүгү боюнча Казакстан Азиянын 40 мамлекетинин арасында 13-орунда турат. Бул рейтингде дүйнөнүн 113 өлкөсүнүн ичинен республика 33-орунга жайгашкан. Мындай маалыматтарды Numbeo порталынын аналитиктери жарыялашты. Айта кетсек, адистер өз эсептөөлөрүндө турак жай аянттарынын наркынын жана үй-бүлөнүн орточо жылдык кирешесин эске алышкан. КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул рейтингде Өзбекстан 75-орунда, Орусия 88-орунда, Беларус 90-орунда. Рейтингдин сап башында Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттары турса, Сирия эң аягында. Улуттук статистика бюросунун маалыматына ылайык, Казакстанда өткөн айда жаңы турак-жайдын баасы 17%га өсүү менен чарчы метрине дээрлик 436 миң теңгени түзгөнүн Ranking.kz жазып чыккан. Экинчи рыноктогу батирлердин баасы 27%га өсүп, чарчы метри дээрлик 490 миң теңгени түздү. Буга карабастан, аналитиктер республикада батирлер дагы деле салыштырмалуу кымбат эмес жана дүйнөлүк масштабда жеткиликтүү бойдон калууда деп эсептешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков