Анкарада «Бабалар аманаты» китебинин 4-томунун бет ачары болду. Көркөм чыгарма мугалимдер менен кесипкөй сүрөтчүлөрдүн жыйнагынын кезектеги чыгарылышы улут устаты Ахмет Байтурсын уулунун 150 жылдыгына арналды. Казакстандын элчилигинде өткөн иш-чарада казак мугалиминин өмүр жолу жана чыгармачылыгы талкууланып, сейрек кездешүүчү сүрөттөр көрсөтүлдү.
Канагат Кодеков, «Бабалар аманаты» долбоорунун автору:
- «Бабалар аманаты» долбоору Казакстан менен Түркиянын ортосундагы достук мамилелерди бекемдеген масштабдуу маданий эл аралык иш-чараларды уюштурду. Ошондой эле элчиликте китебимдин бет ачаарын белгиледик.
Серкан Динчтүрк, ишкер
- Казак менен түрк боордош эл. Ошондуктан мындай иш-чаралар бири-бирин жакындатып, түшүнүшүүнү арттырат. Быйыл да Ахмет Байтурсын уулунун 150 жылдыгына карата өтүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков