«Астана Опера» биринчи жолу Тбилисиде өнөр тартуулады

«Астана Опера» биринчи жолу Тбилисиде өнөр тартуулады

«Астана Опера» грузиялык искусство сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк тапты. Ата мекендик сахна чеберлери алгачкы жолу Тбилисидеги Шота Руставели атындагы Улуттук мамлекеттик академиялык театрда өнөр көрсөтүштү. Гастролдун программасына казакстандык жана дүйнөлүк музыканттардын тандалма чыгармалары кирди. Анын автору - өлкөнүн эмгек сиңирген ишмери Абзал Мухитдин. Кеченин конокторуна «Курмет»  орденинин ээси, дирижер Руслан Баймурзиндин аткаруусундагы казактын мукам ырлары коюлуп, обондуу күүлөр жаңырды. Көрүүчүлөр улуттук аспаптын үнүнөн тышкары «Биржан-Сара» операсынан үзүндүлөрдү, «Талаа легендасы» сюитасынан «Кыз куумай» симфониясын жана Абайдын «Айттым салам, каламкас» ырын жана Сыдык Мухамеджановдун «Айсулу» операсынан каватин аткарылды. Казак стилинен бөлөк өнөр жамааты грузин сахнасында Джакомо Пуччини, Джоаккино Россини, Жак Оффенбах жана башкалардын популярдуу ариялары жаңырды. Белгилей кетсек, гастроль өлкөнүн Маданият жана маалымат министрлиги менен Казакстандын Грузиядагы элчилигинин колдоосунда өттү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.