Украинадан Казакстандын жарандарын мекенине кайтаруу маселеси мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди. Токаев Украинадагы элчи Дархан Калетаевдин жарандарды мекенине кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматын укту. Буга чейин Жарандык авиация комитети Украинадагы казак жарандарын Польша аркылуу өлкөгө жеткирүү үчүн 3 рейс уюштуруларын билдирген. Казакстандын Тышкы иштер, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрликтери Украина жана Польшадагы элчиликтер менен «Эйр Астана» авиакомпаниясы менен биргеликте Катовице – Атырау багыты боюнча атайын каттамдарды уюштуруу маселесин иштеп чыгышты. Репатриациялык учууларга кеткен чыгымдар мамлекет тарабынан төлөнөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков