Документ 5 жылга эсептелген жана энергетика, каржы, мамлекеттик секторду башкаруу, транспорт жана шаар куруу сыяктуу артыкчылыктуу секторлордо өз ара аракеттенүүгө багытталган.
Генадий Рау, Азия өнүктүрүү банкынын улук экономисти:
- Бул стратегия Казакстан Республикасынын негизги документтерине шайкеш келет. Тактап айтканда, «Казакстан-2050» жана жакында бекитилген орто мөөнөттүү экономикалык саясат. Биз ошондой эле 2023-жылга чейинки АӨБ стратегиясынын багыттарын негиз катары алдык. Консультациянын жүрүшүндө биз үч багытты аныктадык: биринчиси – климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу жана экономиканы декарбонизациялоо, экинчиси – инклюзивдүү экономикалык өсүүгө көмөк көрсөтүү, үчүнчүсү – мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү.
АӨБынан аңы стратегияны ишке ашыруунун алкагында кандай иштер аткарыларын билдиришти.
Генадий Рау, Азия өнүктүрүү банкынын улук экономисти:
- Бул тармактардын ичинен мамлекеттик башкаруу инновациялык болуп саналат. Казакстандын өкмөтү менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча тыгыз иш алып барабыз. Анткени стратегиянын үч багытын тең ишке ашыруу үчүн жогорку эффективдүү мамлекеттик аппарат керек. Ошондой эле абдан келечектүү биринчи багыт – 2060-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү, жакында Казакстан Республикасынын өкмөтү тарабынан кабыл алынган. Көмүрдүн нейтралдуулугуна жетүү жана жаңы жашыл технологияларды киргизүү үчүн, аларды алмаштыруу же кайра иштетүү үчүн бир катар электр станциялары изилденет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков