Транспорт-логистика тармагына салынган инвестиция 1 триллион теңгеден ашты

Транспорт-логистика тармагына салынган инвестиция 1 триллион теңгеден ашты

Транспорт жана логистика тармагындагы инвестициянын көлөмү 11%га өстү. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү бир триллион теңгеден ашты. Бул тууралуу Finprom.kz порталы маалымдады. Тармакка жумшалган инвестициялардын жарымынан көбү ишканалардын өз каражаттарынын эсебинен камсыздалган. Бул болжол менен 615 миллиард теңге. Калган 223 миллиард теңге республикалык казынадан бөлүнгөн. Аймактар боюнча транспорт жана логистика тармагына инвестиция тартуу боюнча Алматы алдыда. Мында көрсөткүч 155 миллиард теңгени түздү. Бул жаатта алдыңкы үчтүктүн катарында Атырау жана Алматы облустары бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков