Казакстандын Премьер-министри экономика маселелери боюнча серепчилер менен жолугушту

Казакстандын Премьер-министри экономика маселелери боюнча серепчилер менен жолугушту

Казакстандын Премьер-министри экономика маселелери боюнча серепчилер менен жолугушуу өткөрдү. Олжас Бектенов негизги тармактарды - инвестиция, соода, өндүрүш тармактарын өнүктүрүүнү талкуулады. Ички маселелер да, глобалдык экономикалык тенденциялар да козголду. Талдоочулар дүйнөлүк рыноктордогу кырдаал тууралуу ой бөлүшүп, улуттук экономикага таасирин тийгизип жаткан тенденцияларды белгилешти. Ошондой эле, алар экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча мындан аркы иштер тууралуу сунуштарын айтышты. Жолугушуунун жыйынтыгында Олжас Бектенов Улуттук Экономика министрлигине айтылган бардык демилгелерди иштеп чыгууну жана аларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков