Казакстандын экономикасы 2021-жылдын жарымынан оң соода балансы менен чыкты

Казакстандын экономикасы 2021-жылдын жарымынан оң соода балансы менен чыкты

Казакстандын экономикасы 2021-жылдын жарымынан оң соода балансы менен чыкты. Экспорт үч пайыздан ашык көбөйүп, дээрлик 27 миллиард долларга жетти. Импорт жигердүү өсүүдө: 17,5 миллиардга сатылган өнүмдүн жалпы көлөмү, төрттөн бир бөлүгүнөн көбү, эл керектөөчү товарлар. Жалпысынан алганда, соода профицити 9,4 миллиард долларды түздү. Каржы боюнча талдоочу Андрей Чеботарёвдин айтымында, бул улуттук валюта үчүн оң фактор болуп саналат.

«Бул жакшы кабар. Сооданын ашыкча болушу өлкөдөн товардын кетип жатканына караганда, көбүрөөк акча кирип жатат дегенди билдирет. Экономика калыбына келүүдө, биз тышкы дүйнө менен жигердүү соода жүргүзө баштадык. Улуттук валютанын курсуна болгон кысым да азайып баратат. Мунун аркасында теңге бир аз бекемделиши мүмкүн»,- деп белгиледи Чеботарёв.

Которгон: Илгиз Жамалбеков