Казакстан чоң
өзгөрүүлөр мезгилин баштан өткөрүп жатат. Быйыл казакстандыктар президенттик
шайлоо программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө жүргүзүлгөн реформалардын
жыйынтыгын көрүүдө. Анын ичинде коомдук-саясий транформация, экономикадагы
системалуу өзгөрүүлөр менен социалдык тармактагы алдыӊкы иштерди өзгөчө белгилөөгө
болот. Саясат таануучулардын айтымында, эл эң төмөнкү айлык акысынын
көтөрүлүшүн, бала багуудагы социалдык жөлөкпулдардын узартылышын, экономикадагы
монополиянын азайганын, өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган жана мыйзамсыз жол менен
табылган активдердин кайтарылып жатканын ачык көрүүдө. Белгилей кетсек,
«Улуттук фонд – балдарга» программасы миллиондогон казакстандыктардын жашоосун
түп-тамырынан өзгөртөт дегенге ишеним чоң. Буга кошумча, серепчилердин пикири
боюнча, бүтүндөй саясий системанын демократиялык кайра түзүлүшү тез темп менен
жүзөгө ашырылып жатат.
Арман
Токтышаков, Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси:
- Казакстан
улуттук кызыкчылыктарды сактоо жана коргоо максатында көп тараптуу тышкы
саясатты жүргүзүүгө артыкчылык берип келет. Казакстандыктардын көпчүлүгү учурда
өлкөдө чоң өзгөрүүлөр жүрүп жатканын билет. Муну саясий кайра жаралуунун
уландысы десе болот. Коомчулук муну район акимдерин шайлоо аркылуу иш жүзүндө
көрдү. Учурда жалпысынан өлкөнүн экономикасында демонополизация, улуттук
байлыкты жана активдерди кайтаруу сыяктуу чаралар күч алып, социалдык чөйрөнү
колдоо тенденциялары жүрүп жатат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков