Астанада белгилүү балетмейстерди эскерүү кечеси өттү

Астанада белгилүү балетмейстерди эскерүү кечеси өттү

Атактуу чебер - өлкөнүн балет искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон инсан. Ал казакстандык артисттердин бүтүндөй бир тобун тарбиялады. Алардын арасында Мадина Өнербаева, Айгерим Бекетаева, Анель Рүстемова, Бахтияр Адамжан, Еркин Рахматуллаев сыяктуу көптөгөн эл аралык сынактардын лауреаттары, Асел Шайкенова, Арман Уразов, Жанибек Иманкулов сыяктуу казак искусствосун өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө даңазалап жүргөн өнөрпоздор бар.

Анель Рүстемова,Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:

- Ар бир спектакль, ар бир номер Турсынбек Абдибай уулу менен байланышкан. Муну бүгүн көрүүчүлөр сезет деп ойлойм. Аны бийлегенде өзүбүз да сезебиз. Мурункудан башкача болгондуктан, өз өнөрүмдү көрсөтүүгө болгон аракетимди жумшап жатам. Бүгүн денем эле эмес, жаным да бийлегендей болду. Турсынбек Абдибай уулу тууралуу менин эсимде түбөлүккө кала турган жагымдуу эскерүүлөр бар. Анткени бул адам мени балетмейстер катары калыптандыра алды. Менин карьерамдагы маанилүү адам. Ал мага ишенди. Ошондуктан алдыңкы партияларды аткарууга мүмкүндүк берди. Ал үчүн мен ага өмүрүмдүн аягына чейин ыраазычылык билдирем.

Белгилей кетсек, концерттик программаны Турсынбек Нуркалиевдин жубайы, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Галия Бөрүбаева белгилүү балетмейстер чыгармачылыгынын принциптеринин негизинде түзгөн. Көрүүчүлөрдүн назарына Хагэрти, Форе, Шостакович, Прокофьевдин жаркын хореографиялык композициялары, ошондой эле «Уйкудагы сулуу», «Щелкунчик», «Дон Кихот», «Спартак» балеттеринен номерлери сунушталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков