Алматыдан келген Дүйсенбековдордун үй-бүлөсү көп жылдардан бери өтө сейрек кездешүүчү китептерди сактап келишкен. Баалуу экспонаттар араб, фарсы, чагатай тилдеринде жазылып, Пакистан, Индия, Түркия жана Казанда басылып чыккан. Бул эмгектердин арасында Борбордук Азияда гана эмес, бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон баалуу китептер бар. Алардын бири 1324-жылы Египетте басылып чыккан Ыйык Куран. Адабият, дин, тарых, тил, география тематикаларындагы китептердин көпчүлүгүн Дүйсенбек Кабыланбайулы көзү тирүү кезинде топтогон.
Бакытжан Дүйсенбеков, биология илимдеринин кандидаты:
- Чоң атабыз өз өмүрүндө мамлекетке кызмат кылган. Башкача айтканда, диний жааттан руханий азык тартуулап гана койбостон, атабыз чыгыш медицинасы менен алектенген. Дарылоо жаатында көптөгөн эмгектери бар. Кол жазмалары, китептери, айтор бардыгы илимий жактан жасалган дүйнөлөр.
Казанда басылып чыккан татар тилиндеги бул китепте Акмоланын географиялык жайгашуусу жана саясий-социалдык абалы сүрөттөлгөн. Акмола ошол мезгилде казак талаасынын борбору катары Сибирь менен Борбордук Азиянын ортосундагы алтын көпүрө кызматын аткарып, маданияттардын алмашуусуна шарт түзгөн деп айтылат.
Жансейит Түймебаев, Аль-Фараби атындагы КазГУ ректору:
- Азыркы учурда бул китептер 17-кылымда фарсы тилинде жазылган медицина боюнча баалуу китеп. Ал эми мунусу фармацевтика боюнча 18-19-кылымдарда жазылган. Курандын кол жазмалар жыйнагы бар.
Жалпы көлөмү 300гө жакын эски китептерди Дүйсенбековдордун үй-бүлөсү Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин китепканасына белек кылышты. Эми окуу жайда атайын жумушчу топ түзүлүп, байыркы китептер илимий жактан изилденет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков