Сенаторлор экспорттоочу барбы колдогон мыйзамды кабыл алды

Сенаторлор экспорттоочу барбы колдогон мыйзамды кабыл алды

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ишкерлери фитосанитардык сертификаттарын жана мамлекеттик күбөлүгүн электрондоштуруп расмий түрдө каттайт.  Бул максатты көздөгөн мыйзамды  өлкө сенаты кабыл алды. Учурда өз ара соодада документтер кагаз түрүндө сунушталат. Бул бирдиктүү экономикалык аймактын чегинде  жеткирилген өнүмдөрдү "талаадан дүкөндүн текчелерине чейин" санариптик көзөмөлдөөгө жол ачат. Ошондой эле, документте уюмдун атаандаштык эрежелерин сактабагандарга айып пул да каралган. Демпингге каршы кайра тергөө механизми киргизилет. Башкача айтканда, ата мекендик ишкерлер үчүнчү өлкөлөрдүн адилетсиз соода тажрыйбасынан корголот. Башкы протокол Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге 100дөн ашык өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөйт.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын депутаты:

Бул өзгөртүүлөр уюмдун ичиндеги соода, экономика жана салык чөйрөлөрүндөгү укуктук мамилелерди жакшыртууга багытталган. Протокол ошондой эле эмгек миграциясы жана бажы көзөмөлү сыяктуу бир катар башка маселелерди камтыйт. Мыйзам Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков