Сенаттын Төрагасы БУУнун Казакстандагы Туруктуу координатору менен жолугушту

Сенаттын Төрагасы БУУнун Казакстандагы Туруктуу координатору менен жолугушту

Казакстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын кескин курчуп кетишине терең тынчсыздануусун билдирет. Өлкө бардык кагылышууларды диалог жана дипломатиялык жол аркылуу тынчтык жолу менен чечүүгө умтулат. Бул тууралуу БУУнун Казакстандагы туруктуу координатору Саранго Раднарагча менен жолугушкан Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчысы аймак өлкөлөрүнүн дипломатиялык аракеттерин колдойт. Ал эми тараптар Борбор Азия аймагынын коопсуздугун чыңдоодо актуалдуу түзүмдөрдүн бирине айланган Бириккен Улуттар Уюмунун Алматыдагы Региондук борборунун маанисин талкуулашты. Маектешүү учурунда өлкөдө жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформанын ишке ашырылышына да көңүл бурулду. Маулен Ашимбаев глобалдык чакырыктарга ылайык иштелип чыккан жаңы Баш мыйзам долбоорунда айлана-чөйрөнү коргоо жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу принциптери бекитилгенин белгиледи.

Маулен Ашимбаев, парламент сенатынын төрагасы:

– Азыр өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Жалган куран айынын 15де жаңы Конституциянын долбоору референдумга чыгарылат. Жаңы документтин алкагындагы маанилүү багыттардын бири – жогорку өкүлчүлүктүү бийликти чыңдоо, эки палатаны бириктирип, бирдиктүү парламент түзүү. Менин оюмча, бул – парламенттик институттарды андан ары күчөтүү үчүн өтө зарыл жана өз убагындагы кадам. Алдыда сиздер менен да, Бириккен Улуттар Уюмунун институттары менен да активдүү өз ара байланышты чыңдайбыз. Парламенттик комиссия Туруктуу өнүгүү максаттарын мониторингдөө ишин улантат деп ишенем, анткени бул биз үчүн стратегиялык жумуш багыты.

Саранго Раднарагча, БУУнун Казакстандагы туруктуу координатору:

– Биз кийинки саясий реформаларды байкап турабыз, анын ичинде жаңы Конституция долбоору бар. Ага карата референдум жалган куран айынын  15ине белгиленип отурат. БУУ өз тарабынан мыйзамдык багытта колдоо көрсөтүүгө даяр. Атап айтканда, жекелеген мыйзамдарды иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча. Эгер өкмөт тарабынан ушундай колдоо суралса, жардам көрсөтүүгө даярбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков