Казакстан жасалма интеллектти мыйзам чыгаруу жараянында колдонушу мүмкүн

Казакстан жасалма интеллектти мыйзам чыгаруу жараянында колдонушу мүмкүн

Казакстан Жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн мыйзам чыгаруу жараянында колдонууга ниеттенүүдө. Бул ишти санариптештирүү үчүн комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү жана укуктук негизди түзүү зарыл. Аталган жумушта заманбап ыкмаларды ийгиликтүү утилдештирген өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу маанилүү. Мындай сунуштар парламентаризм институтунда өткөн тегерек үстөлдө айтылды. Жыйынга катышкан Кытай, Орусия, Польша жана ата мекендик серепчилер анын экспертиза үчүн алмаштырылгыс курал экенин айтышууда. Ал мыйзам долбоорлорундагы карама-каршылыктарды аныктап, аларды эл аралык стандарттарга салыштыра алат. Жасалма интеллект кабыл алынган мыйзамдын калктын жашоосуна тийгизген таасири жөнүндө баалуу божомолдорду айтууга мүмкүндүк берет. Бул учурда, өлкөнүн адистеринин конкреттүү иштеп чыгуулары бар. Казакстанда коомдук мониторингдин автоматташтырылган системасын киргизүү көздөлүп жатат. Жаңы технология 20га жакын булактарды талдайт.

Меруерт Кабылбаева, нормативдик укуктук актылар мониторинги жана эл аралык тажрыйба борборунун башчысы:

- Бардык булактар, комментарийлер, социалдык тармактар, мамлекеттик органдардын отчеттору, статистикалык отчеттордон ушулардын бардыгы автоматтык система өзү чогултуп, бизге алып берет. Бул жерде кеңири карап чыгуу, бир нерсени жиберип албоо сыяктуу маселелерге чоң жардам берет. Экинчи этапта, маалымат чогултулгандан кийин, жасалма интеллект ошол жерде кошулууга тийиш. Ал сунуштарды өзү даярдап, көйгөйлөрдү өзү айтууга тийиш.

Анастасия Калмыкова, Орусия Федерациясынын өкмөтү алдындагы мыйзам жана салыштырмалуу укук таануу институтунун жетекчи илимий кызматкери:

- Казакстандын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук базасын иштеп чыгуу, Юстиция багыты жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук тутумун түзүү боюнча иштерди изилдөөнүн жүрүшүндө мен өлкөдө жасалма интеллектти колдонуу деңгээли жогорку темп менен өнүгүп жатканын байкадым. Мыйзам чыгаруу жараянына катышкан казакстандык окумуштуулар жана адистер бул маанилүү ишке заманбап технологияларды киргизүүнү биринчи орунга коюп, анын калк үчүн максималдуу эффективдүүлүгүн жогорулатууда деп эсептейм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков