ТИМ Хамас менен Израиль кагылышуусуна байланыштуу билдирүү жасады

ТИМ Хамас менен Израиль кагылышуусуна байланыштуу билдирүү жасады

Казакстан Израилди Газа тилкесинде жайкын тургундардын курмандыктарына алып келген күч колдонуудан баш тартууга чакырат. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ХАМАС менен Израилдин ортосундагы куралдуу кагылышууга байланыштуу билдирүү жасады. Ошондой эле, Казакстан ХАМАСтын Израилдин жарандарына кол салуусун жана чет элдик жарандарды барымтага алуусун айыптады. Республика БУУнун Башкы катчысынын барымтадагыларды алдын ала эч кандай шарт койбостон токтоосуз бошотуу жана гуманитардык жардамга тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылуу боюнча чакырыгын колдойт. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө эл аралык укуктун нормаларын сактоо менен Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын караган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларын аткаруу абдан маанилүү экени да белгиленген.

«Казакстан Газа секторунун тургундарын эвакуациялоо үчүн белгиленген мөөнөттү алып салуу жана жаңжалдын туткунуна айланбоого тийиш жайкын тургундардын толук коопсуздугун камсыз кылууну талап кылган эл аралык коомчулук менен пикирдештик билдирет. Буга байланыштуу Казакстан тараптарды согуштук аракеттерди тез арада токтотууну камсыз кылууга жана «эки эл үчүн эки мамлекет» формуласынын негизинде аймактын бардык тургундарына тынчтыкка, туруктуулукка жана коопсуздукка жетишүү боюнча аракеттерди активдештирүүгө чакырат».

Которгон: Илгиз Жамалбеков