Казакстан алдыдагы жаз мезгилине даярданууда. Суу ташкынына каршы күрөшүү чаралары бүгүн Сенаттагы өкмөттүк саатта талкууланды. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюуда маанилүү звенолор болуп жергиликтүү аткаруу органдары саналат. Ошондой эле өлкөдө жаңы мамлекеттик структуралар түзүлдү. Стратегиялык пландаштыруу жана ыкчам башкаруу командалык борбору иштей баштады. Анын базасында техногендик жана табигый кырсыктарды болжолдоо, моделдөө жана талдоо үчүн бир нече санариптик кызматтар бириктирилген. Ошондой эле жазгы суу ташкыны менен күрөшүү үчүн ӨКМде 37 миңден ашуун адамдан турган күчтөр тобу түзүлдү. Негизинен куткаруучулар ар кандай окуяларга даяр. Мекемеден билдиришкендей, бүгүнкү күндө 1200дөн ашуун калктуу конуш сел коркунучу бар аймакта турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

