Токаев менен Путин Санкт-Петербургда жолугушту

Токаев менен Путин Санкт-Петербургда жолугушту

Касым-Жомарт Токаев Орусиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Мамлекет башчысы жаңы жыл алдында салтка айланган Санкт-Петербургдагы жолугушуу мазмундуу өткөнүн белгиледи. ЕАЭБ ишине байланыштуу бир катар маселе каралып, чечимдер кабыл алынды. КМШ форматы алкагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Касым-Жомарт Токаев бул жыл эки тараптуу мамилелер үчүн ийгиликтүү болгонун, өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катнаш өсүү жолунда уланып жатканын айтты. Өз кезегинде Владимир Путин Казакстан менен Орусиянын ортосундагы байланыштар бардык багыттар боюнча өнүгүп келе жатканына токтолду.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Эки тараптуу мамилелер жакшы нукта өнүгүп жатат. Жетинин айынын 12де Орусияга болгон мамлекеттик сапарым өтө натыйжалуу өттү. Ошол сапардын жүрүшүндө жылуу кабыл алганыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдирем. Казакстан Орусия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык байланыштарга өзгөчө маани берет. Биз Казакстан менен Орусия жарандарынын күнүмдүк жашоосуна тиешелүү бардык маселелерде бирге аракет кылуубуз керек. Анткени кызматташтыгыбыз менен стратегиялык өнөктөштүгүбүздү бекемдөөгө багытталган ишибиз элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына толугу менен дал келет.


Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:


- Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, кечээтен бери чогуу иштедик. Бүгүнкү бейформал жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУ, КМШ алкагындагы ишибиз жөнүндө, ошондой эле эки тараптуу маселелер боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болду. Сиз менен Казакстан жана Орусия ортосундагы өз ара байланыштардын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү үчүн атайын жолугушканыма кубанычтамын. Менин оюмча, бардык тармак оң жакка өнүгүп жатат. Эки өлкө ортосунда чечилбеген же кандайдыр бир татаал маселе жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков