Казакстанда маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик борбор пайда болот. Ал өлкөнүн техникалык кызматынын алдында түзүлөт. Жаңы мекеме болжол менен 350 мамлекеттик маалымат системасына кызмат көрсөтөт деп күтүлүүдө. Борбор кибер чабуулдардан коргоого багытталган. Ошондой эле, анын базасында bug bounty платформасы ишке киргизилет. Аталган платформа ата мекендик маалыматтык системаларды өркүндөтүү үчүн дүйнөнүн квалификациялуу адистерин өлкөгө тартууга багытталган. Бул тууралуу бүгүн Сенатта Мажилис депутаты Екатерина Смышляева билдирди. Парламентте өлкөнүн маалыматтык коопсуздук маселелерине байланыштуу мыйзам долбоору каралды. Мыйзамга киргизилген толуктоолор биринчи окууда жактырылды.
Екатерина
Смышляева, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Мыйзам долбооруна
киргизилген жаңы норма 60 күндөн кийин күчүнө кирет. Уюштурууга байланыштуу
маселелер дароо эле чечилет. Мамлекеттик техникалык кызмат маалыматтык
коопсуздукту камсыздоого багытталган. Эми ал ошол эле ишти жаңы ыкма менен
аткарат. Бул мамлекеттик система үчүн абдан эффективдүү структура болмокчу.
Себеби, тейлөө чөйрөсү кеңейип, мүмкүнчүлүктөрү жакшырат. Ал бүгүн кесиптештерим
көтөргөн көйгөйлөрдүн чечилишине, заманбап чакырыктарды жана ар кандай
тобокелчиликтерди жеңүүгө чоң салым кошот. Анткени биздин системалардын дээрлик
бардыгы коркунучта. Бул Казакстанды эле эмес, бүткүл дүйнөнү түйшөлткөн маселе.
Белгилей кетсек,
сенат жактырган мыйзамда жарандардын өздүгүн тастыктаган документтеринин кагаз
көчүрмөсүн чогултууга жана иштетүүгө тыюу салган жобо киргизилген. Бул талап
Казакстан Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда гана эске
алынбайт. Мисалы, Казакстанга келген иммигранттар жеке документтеринин
көчүрмөсүн тапшырууга милдеттүү. Талдоочулардын айтымында, бул биринчи кезекте
өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо жана улуттук коопсуздукту камсыздоонун аракети. Жеке
маалыматтарды көзөмөлдөө функциясы Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана
аэрокосмостук өнөр жай министрлигине өткөрүлүп берилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков