К. Токаев Түркия президентине көңүл айтуу телеграммасын жолдоду

К. Токаев Түркия президентине көңүл айтуу телеграммасын жолдоду

Касым-Жомарт Токаев Түркия Президентине Карталкая тоо лыжа борборундагы өрттөн улам болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Мамлекет башчысы Казакстан элинин жана өз атынан Режеп Тайип Эрдоганга, жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана боордош түрк элине көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады. Белгилей кетсек, 12 кабаттуу мейманканадагы өрттөн 79 адам каза болуп, 50дөн ашууну жаракат алган. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркагандардын арасында казакстандыктар жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков