Өкмөттө бизнестин катышуусу менен реаулдуу секторду өнүктүрүү талкууланды

Жасалма интеллект системаларын колдонууну кеңейтүү жана санариптик технологияларды өнүктүрүү, «жашыл» каржылоо чөйрөсүн, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жалпысынан артыкчылыктуу багыттар боюнча казакстандык өндүрүүчүлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүү. Мамлекет башчынын кайрылуусун ишке ашыруунун алкагындагы ушул жана башка чаралар өкмөттө каралды. Анда Улуттук ишкерлер менен ири бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда атамекендик ишкерлер кеңешинин жыйыны өттү. Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, акыркысы өлкөнүн технологиялык жана инновациялык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан бизнести экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө тартуу маанилүү. Олжас Бектенов кесипкөй ишкерлер жылынын алкагында ири ишкерлердин колледждерде жетекчилигин мурда колдонулуп келген тажрыйбасын жигердештирүү жана адистерди окутуу үчүн база түзүү боюнча өзүнчө тапшырма берди. Бул ишканаларга келечектеги кадрларды даярдоого мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, Премьер-Министр «жашыл долбоорлорду» насыялоо боюнча кирешелерге төмөндөтүлгөн салык базасын киргизүүнүн, атамекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча дыйкандарга дем берүү чараларын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өлкө ичиндеги наркты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда республикада товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөрдөгү жергиликтүү камтуунун үлүшүн аныктоонун жаңы методологиясы иштелип чыгууда. Бул ата мекендик ишканалардын өнүгүшүнө түрткү берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков