Казакстандын экономикасы
трансформациялык чечимдерди жана жаңы ыкмаларды талап кылат. Бул, атап
айтканда, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, логистикалык жана
транзиттик-транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу пайдаланууга ошондой эле, заманбап
технологияларды активдүү киргизүүгө тиешелүү. Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында
Касым-Жомарт Токаев республика «орто держава» макамын сактап калууга тийиш деп
белгиледи. Бул үчүн өлкө экономика, инвестиция, илим жана технология жаатында практикалык
жетишкендиктерге муктаж. Сенаттын депутаттарынын айтымында, өлкөдө жаңы
өзгөрүүлөрдүн дарамети жогору. Парламент
өз кезегинде жаңы мыйзам чыгаруу демилгелерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу менен
аларды колдоого болгон аракетин жумшайт.
Андрей
Лукин, Парламент Сенатынын депутаты:
- Өкмөткө
тиешелүү тапшырмалар берилди. Бул министрликтерге да тиешелүү.Эгерде өндүрүштү ар
тараптандыруу жөнүндө сөз болуп жатса, анда биз бүгүн республиканын дараметин толук
кандуу пайдалануу үчүн ушундай экономикалык динамикалуу долбоорлорду башташыбыз
керек. Бул мамлекет башчысы айткандай, жасалма интеллект менен алдыңкы
технологияларды колдонуу менен илимди тартуу жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү менен.
Касым-Жомарт Токаев турак жай фондун
башкаруу системасын реформалоо боюнча маанилүү тапшырма берди. Өткөн жылы
өлкөдө рекорддук 19 миллион чарчы метр турак жай курулган. Бирок, бул жерде сан
эмес, баарынан мурда сапат жана жеткиликтүүлүк маанилүү, деп баса белгиледи
Президент. Бул үчүн тармактагы шаар курууну пландоодон баштап объекттерди
пайдаланууга берүүгө чейинки бардык жараяндарды санариптештирүү зарыл. Буга жыл
аягына чейин бирдиктүү маалыматтык системаны иштеп чыгуу өбөлгө түзөт.
Андрей
Лукин, Парламент Сенатынын депутаты:
- Чындыгында,
биз учурда турак жай мамилелери жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргиздик. Анда биз калктын социалдык жактан аярлуу катмары үчүн
да, мамлекеттик кызматкерлер жана башка категориядагы жарандар үчүн да турак
жай сатып алуу боюнча маселелердин чечилишин карадык. Турак-жай менен камсыз
кылуу маселеси, менин оюмча, ар дайым алдыңкы орундардын биринде болуп келген.
Ошондуктан бул жылы мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында үй-бүлө банкы,
турак жай, шаар жана облус борборлорунун акимчиликтери тыгыз иштей
баштайт.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

