Казакстан менен Бельгиянын 30 жылдык жемиштүү кызматташтыгы

Казакстан менен Бельгиянын 30 жылдык жемиштүү кызматташтыгы

Казакстан менен Бельгия дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилеп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Азыркы мезгилде эки тараптуу кызматташтык көптөгөн тармактарда интенсивдүү өнүктү. Бельгия Казакстандын Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн арасындагы маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири.

«Өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү 419 миллион доллардан ашкан. 2021-жылы Бельгиядан Казакстанга түз инвестициянын агымы 1 миллиард долларды түздү. Бүгүнкү күндө республикада бельгиялык 70ке жакын ишкана иштеп жатат», - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Саясий жана экономикалык мамилелер менен катар маданий-гуманитардык кызматташтык дагы жемиштүү өнүгүп келүүдө.

Бельгиялык окурмандарга Казакстан жазуучуларынын француз жана Нидерланды тилдериндеги көптөгөн чыгармалары, анын ичинде казактын улуу акыны, казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү Абай Кунанбай уулунун чыгармасы сунушталды. Бельгиялык жазуучу жана драматург Морис Метерлинктин чыгармалары боюнча спектаклдер Казакстандын театрларында чоң ийгилик менен коюлуп жатат.

Казакстан менен Бельгиянын 30 жылдан берки өз-ара иштиктүү кызматташтыгы эки өлкөнүн жарандарынын жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү болуп калды - деп айтылат маалыматта.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков