К. Токаев Казакстан гимнастика федерациясынын президентин кабыл алды

К. Токаев Казакстан гимнастика федерациясынын президентин кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев жана Казакстан Гимнастика федерациясынын башчысы өлкөдө гимнастиканын өнүгүү келечегин талкуулашты. Президент Алия Юсупованы кызматка кайрадан шайланышы менен куттуктады. Ал эми федерациянын жетекчиси бир катар сунуштарын айтты. Атап айтканда, балдарды жаш кезинен гимнастикага киргизүү үчүн комплекстүү иштерди жүргүзүү зарылдыгы тууралуу. Мамлекет башчысы тармактын инфраструктурасын жакшыртуу жана машыктыруучулар курамын даярдоо үчүн туризм жана спорт министрлиги менен тыгыз иштешүү зарыл экенин баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков