Европа, Канада жана АКШнын айыл чарба техникаларын
чыгаруучу алдыңкы компаниялары Казакстан менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө
кызыкдар. Алар бул ниетин өлкөнүн Премьер-министри Олжас Бектенов менен
Астанада өткөн жолугушууда иш жүзүндө тастыкташты. Ошентип, Костанайда айыл
чарба техникасын өндүрүүгө багытталган көп тараптуу келишимдерге кол коюлду.
Петер Заксе, «John Deere»
компаниясынын КМШ мамлекеттери боюнча вице-президенти:
– Кызматташтыктын алкагында
биздин компания жакынкы жылдары 3 миңдей техникалык бирдик чыгарууну
пландаштырууда . Бул заманбап технологияларга жетүүгө мүмкүнчүлүк берет,
ошондой эле жаңы жумуш орундарын ачууга, өлкөнүн инженердик дараметин
жогорулатууга жана унаа жасоо тармагында мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт
түзөт. John Deere Казакстанды Борбор Азиядагы негизги стратегиялык өнөктөш
катары карайт.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда жыл сайын 8
миңден ашык трактор жана 1,2 миң комбайн чыгарган 8 ири ишкана иштейт.
Жергиликтүү техниканы сатып алууга жумшалган чыгымдардын 30% чейин субсидиялоо,
ошондой эле 5% жеңилдетилген насыя каралган. Бул чаралар азыртадан эле оң
натыйжа берип, акыркы эки жылда сатуу көлөмү 35%га арткан. Жалпысынан Казакстан
айыл чарба аянттарынын көлөмү боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турат. Былтыр
тармактагы өндүрүш көлөмү 9 трлн теңгеден ашып, 6%га өстү. Алдыдагы максат -
айдоо аянттарында пайдаланылуучу техника паркынын жаңылануу деңгээлин жыл сайын
10%га чейин жеткирүү.
Ричард Гарольд, «Lindsay Corporation»
компаниясынын улук вице-президенти:
– Биз Казакстандын айыл чарба секторун чыңдоо боюнча милдеттерди жогору баалайбыз. Бирге отуруп казакстандык фермерлерге жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, жогорку түшүмдүү айыл чарбанын жаңы дооруна кирүүгө, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк деңгээлдеги жер технологияларын киргизүүгө жардам бере алабыз. Бул дыйкандардын дараметин арттырат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

