Сенат шайлоосунун алдын ала жыйынтыктары

Сенат шайлоосунун алдын ала жыйынтыктары

Ошол эле учурда жогорку палатанын жаңы курамына чоң милдеттер жүктөлдү. Мындай пикирлери менен казакстандык саясат таануучулар бөлүштү. Маанилүү нерсе – биринчи кезекте өз аймагынын кызыкчылыгын коргоо.

Риззат Елюбаев, Казакстандын коомдук өнүктүрүү институтунун серепчиси:

- Саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу сенаттын жаңы функциясы да өзгөрөт. Бүгүнкү күндө шайланган депутаттар жаңы процессте жаңы регламент боюнча иш алып барышат. Белгилүү болгондой, азыр сенаттын мыйзамды бекитүү же кабыл албоо функциясы белгиленген. Андан кийин башкы прокурорду, Жогорку соттун мүчөлөрүн жана төраганы бекитүү боюнча да функциялары киргизилет.

Бану Нургазиева, Казакстандын жарандык альянсынын президенти:

- Шайлоо системасына пропорционалдык-мажоритардык модель киргизилгендиктен, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлердин көп келүүсүнө  жол ачты. Биз чындыгында элдин үнүн уккан мамлекет калыптанып жатканына күбө болуп жатабыз. Мен Сенаттын шайлоосунун жыйынтыгы Казакстан үчүн күчтүү парламенти бар президенттик мамлекет болуу үчүн жасалган чоң кадам деп эсептейм.

Эске сала кетсек, үчтүн айынын  14дө Казакстанда парламент сенатынын депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоочулардын жогорку активдүүлүгү Шымкентте, Костанай облусунда жана Алматыда байкалды. БШКнын маалыматы боюнча, эң көп добушту Акмола, Жамбыл жана Павлодар облустарынан катышкан талапкерлер алды. Парламенттин жогорку палатасына 20 мандат үчүн 55 талапкер ат салышты. Шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 3 миңден ашык маслихат депутаты киргизилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков