Мамлекет башчысы Самаркандда бир катар жолугушууларды өткөрдү

Мамлекет башчысы Самаркандда бир катар жолугушууларды өткөрдү

Самаркандда «Борбор Азия – Европа Биримдиги» саммитинин алкагында Касым-Жомарт Токаев Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта менен жолугушту. Тараптар кызматташтыкты бекемдөө маселелерин карашты. Евробиримдик-Казакстандын эң ири соода өнөктөшү жана инвестору. Өлкөгө чет өлкөдөн тартылган инвестициялардын 40 пайыздан ашыгы ушул уюмга туура келет. Өткөн жылы Биримдик ортосундагы товар жүгүртүү дээрлик 50 миллиард долларды түзгөн. Бул Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын 80 пайызын түзөт. Мамлекет башчысы Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен менен да жолугушту. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Европа менен кызматташтыгын мындан ары тереңдете турган төрт артыкчылыктуу багытты атады. Бул энергетика, ири инфраструктура, транспорт жана логистика, ошондой эле санариптик инновациялар боюнча өнөктөштүк. Тараптар Казакстан менен Европа комиссиясынын ортосунда виза берүү тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашууга жетишүү процессинин башталышын оң баалашты. Урсула фон дер Ляйен Касым-Жомарт Токаевди өлкөдө сейрек кездешүүчү металлдардын ири кенинин табылышы менен куттуктады. Касым-Жомарт Токаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту. Ал президентке «жашыл экономика» программаларын ишке ашыруу тууралуу айтып берди. Каржы уюму демилгеге 2 миллиард евро инвестиция салууну пландаштырууда. Мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев «Борбор Азия-Евробиримдик» саммити аймактагы өлкөлөрдүн Евробиримдик менен диалогун илгерилетүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди. Мамлекет башчылары эки өлкөнүн кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын белгилешти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков