263 миллион адам жакырчылыктын азабын тартышы мүмкүн

263 миллион адам жакырчылыктын азабын тартышы мүмкүн

Быйыл 263 миллион адам жакырчылык коркунучунда турат. Бул пандемия, дүйнөлүк теңсиздиктин күчөшү жана азык-түлүккө болгон баанын өсүшү менен байланыштуу. Кошумчалай кетсек, анын үстүнө Украинадагы аскердик жаңжал да таасир эткен. Бул тууралуу Оксфам эл аралык ассоциациясынын баяндамасында айтылат. Дагы 860 миллион адам күнүнө эки долларга жетпеген каражатка жашашы мүмкүн. Бул болжол менен 800 тенге. Гуманитардык апаат аймактарына Чыгыш Африканын Сахель аймагы, Йемен жана Сирия мамлекеттери кирет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков