2023-жылы өнөр жай долбоорлоруна 1 триллион теңге инвестиция салуу пландалууда

2023-жылы өнөр жай долбоорлоруна 1 триллион теңге инвестиция салуу пландалууда

Жалпысынан 194 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул үчүн өлкө тармактык пландарды жана импортту алмаштыруу боюнча аймактык программаларды кабыл алууну көздөп жатат. Өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы республикада 2 триллион теңгеге 160 долбоор ишке ашырылган. Жалпысынан аталган сектор – бир пайыздан ашык өсүштү көрсөттү. Ал эми кайра иштетүү өнөр жайында өндүрүштүн көлөмү 3,4%га өскөн. 100%дан ашкан өсүш дээрлик бардык тармактарда катталган. Унаа жасоодо, түстүү металлургияда, химияда, жеңил өнөр жайында жана курулуш материалдарын чыгарууда. Мекеменин жыйынында республиканын премьер-министри өнөр жай долбоорлорунун масштабын же кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Ошол эле учурда импортту алмаштырууга басым жасоо керек. Алихан Смаиловдун айтымында, тоо-кен тармагын өнүктүрүү жана өнөр жай тармагында жаңы өндүрүштөрдү түзүү боюнча иштерди активдештирүү зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков