Казакстандын улуттук почта желесинин оператору Эл аралык сыйлыкта мыкты аталды

Казакстандык улуттук почта байланыш оператору дүйнөлүк индустрия алптарынын ичинен эң мыктысы деп табылды. Амстердамдагы Эл аралык почта технологиялары сыйлыгында «Казпочта» тармактын алдыңкы 5 уюмунун катарына кирди. Ири иш-чарага дүйнө жүзү боюнча 250дөн ашык компания катышты. Бул уникалдуу платформа жыл сайын почта жана логистикалык бизнестин лидерлери менен жолугушту. Адистер тармактагы жаңы жетишкендиктерди жана технологияларды талкууга салды. Ата Мекендик компания дароо 3 номинация: мыкты кызмат көрсөтүүчү, мыкты бизнес-ар тараптандыруу жана экология тармагындагы жетишкендиктери үчүн наамдар менен сыйланды.

Анел Абдирова, «Казпочта» эл аралык бизнести өнүктүрүү департементинин мүдүрү:


- Аталган номинациялар боюнча алдыңкы байге ээлеринин катарына кирүү- почта операторлорун өнүктүрүү стратегиясында жана Дүйнөлүк почта союзунун рейтингинде өтө маанилүү кадам болуп саналат. Башкача айтканда, бул рейтингге кирип, дүйнөлүк коомчулук үч номинация боюнча «Казпочтанын» ишмердүүлүгүн тааныйт. Бул номинацияда биздин атаандаштар ири курьердик компаниялар, ири логистикалык кызмат көрсөтүүчүлөр жана маркетплейстер болушту. Биз өлкөнүн намысын колдон чыгарбай, бул категорияларда лидер болдук.

Которгон: Илгиз Жамалбеков