Казакстан менен Өзбекстан ортосунда туристтик автобустар жүрөт

Казакстан менен Өзбекстан ортосунда туристтик автобустар жүрөт

Ташкент облусунун администрациясынан билдиришкендей, жаңы каттам Түркестан менен Нурафшанды байланыштырат. Өзбекстан аймагына туристтерди көбүрөөк тартуу максатында «Алтын шакек» концепциясынын алкагында беш күндүк маршрут иштелип чыккан. Ага туристтик дарамети жогору аймактар кирет. Коомдук транспорт жылына 10 миңге чейин туристти ташый алат. Белгилей кетсек, өткөн жылы Ташкент облусуна 265 миң чет элдик турист жана 1,5 миллион ички турист келип, 79 миллион долларлык кызмат көрсөтүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков