Сенат өлкөнүн Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы меморандумду жана анын алкагында кат алмашуу келишимин кабыл алды. Бул документтер Казакстандын тынчтыкты сактоо ишмердүүлүгүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт. Ошондой эле кызматкерлердин, техниканын жана материалдык камсыздоонун чыгымдарын каржылоо жана ордун толтуруу механизми менен берүү тартибин аныктайт. Башкача айтканда, бул меморандумдун алкагында БУУ өлкөнүн миссияга катышуусуна байланыштуу чыгымдардын ордун толтурууга милдеттенме алат.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Биздин өлкө бул уюмдун туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшү катары эл аралык тынчтык миссияларына катышып, өз салымын кошуп келүүдө. Бүгүн каралган мыйзамдар бул жооптуу иштин укуктук негиздерин жана шарттарын андан ары өркүндөтүүнү камсыз кылат. Жалпысынан бул мыйзамдардын кабыл алынышы Казакстандын эл аралык аброюн бекемдеп, коргонуу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болот деп ишенебиз.
Муну менен катар сенаторлор Казакстан менен Орусиянын бирдиктүү энергетикалык тутумунун параллелдүү иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө макулдашууну жактырышты. Документ тараптардын электр энергетика тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыгын дагы кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

