Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун Астанага болгон иш сапарынын алкагында 80 алдыңкы француз компаниясынан турган бизнес делегация Астанага келди. Алар эки тараптуу казак-француз бизнес форумуна катышты. Кызматташтыкты бекемдөө максатында жолугушууга Казакстандын 200гө жакын ишкери катышты. Форумдун жүрүшүндө бир нече маанилүү багыттарды өнүктүрүү талкууланды. Атап айтканда, саламаттыкты сактоо, фармацевтика, агроөнөр жай комплекси, энергетика, унааларды чогултуу, транспорт жана логистика тармактары. Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн ишкерлери 1,5 миллиард долларлык 20га жакын келишим түзүштү.
Ардак Зебешев,
ТИМ комитет төрагасы:
- Бул келишимдер
сөзсүз түрдө жүзөгө ашат. Учурда 33 инвестициялык долбоордун иши башталды деп
ишенимдүү айта алабыз. Жалпысынан аталган долбоорлордун наркы 5 миллиард долларга бааланып
жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков