«Шакарим баскан из менен». Семейде дал ушундай аталышта Абай
салтын улантуучу улуу ойчул, котормочу, философ Шакарим Кудайберди уулунун 165
жылдыгына карата салтанат уюштурулду. Семей борбордук сейил багына чогулган эл
акындын эстелигине гүл коюп, анын рухуна таазим кылышты. Жыйынга интеллигенция
өкүлдөрү, шаар тургундары, жаштар, ар кыл тармактын өкүлдөрү, акындын урпактары
катышты. Жыл
башынан бери мааракенин алкагында бекитилген программанын алкагында 100гө жакын
иш-чара өткөрүлдү. Жакынкы арада акындын орус тилиндеги ырлар жыйнагы
«Абай жолу» аттуу китептер сериясы менен бирге жарык көрөт.
Нурлан Зиятов, Шакарим Кудайберди уулунун чебереси:
Атабыздын,
бабабыздын 165 жылдык мааракесине байланыштуу бул жерге Казакстандын бардык жеринен Астана, Павлодар,
Алматы аймактарынан урпактары чогулдук. Атабыздын башына барып, жаткан жерин
зыярат кылуу, Чыңгыз тоо аймагына барып-келүү максатыбыз бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков