IT-AIEL долбоорунун алгачкы жыйынтыгы чыкты

Astana hub Эл аралык технопарк - IT-Aiel программасынын биринчи жыйынтыктарын чыгарып, алдыңкы беш катышуучунун долбоорлорун тааныштырды. Жалпысынан быйыл 1300 казакстандык программалоо жөндөмүн үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алды. Катышуучулардын басымдуу бөлүгү 2 айдын ичинде курсту аяктап, алган теориялык билимин тажрыйбада колдонушту. Алия Оразымбетова долбоордун алкагында өзүнүн IT өнүмүн иштеп чыккандардын бири. Ал балдарды компьютердик жана каржылык сабаттуулукка үйрөтүү үчүн платформа иштеп чыккан.

Алия Оразымбетова, долбоор катышуучусу:
- Астана шаарында - мектепке чейинки курактагы балдар үчүн IT-балдарды окутуу борборун ачуу пландалууда. Менимче, азыр жаш кезинен баштап ноу-код программалоо багытына киргизүү маанилүү. Бул багыт азыр абдан актуалдуу. Анын үстүнө акысыз окуса ата-энелерге жакшы колдоо болот деп ойлойм.

Окутуу курсун өздөштүрүү балдарын караган аялдар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү болушу үчүн толугу менен онлайн режимде. Программа негизги компьютердик сабаттуулукту жана көндүмдөрдү камтыйт. Ошондой эле, катышуучулар No Code жана Low Code School программаларын өздөштүрүшөт.

Алина Абдрахманова, ASTANA HUBдын башкаруучу мүдүрү:
- Бул программанын катышуучуларынын биринчи партиясы. Окуу баш оона айынын 1нен башталып, тогуздун айынын 20да аяктаган. Программаны баары эле толук өздөштүрө элек. Жалпысынан бул программанын негизги максаты - киреше булагы жок аялдарды интернет аркылуу тармакка чыгып, онлайн түрдө акча табууга үйрөтүү. Мисалы, ноу-код жана лоу-код инструменттер даяр шаблондордун негизинде веб-сайттарды, тиркемелерди жана маркет-плейстерди түзүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков