Баш оона айынын 29у – дүйнө жүзүндө эл аралык ядролук сыноолорго каршы иш-аракет күнү. Дал ушул күнү мындан отуз жыл мурун, дүйнөдөгү эң ири өзөктүк полигон аянтчасы - Семей полигону жабылган. Буга байланыштуу Казакстандын Швейцариядагы элчилигинин демилгеси менен Берн шаарында атайын иш-чара өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө британиялык продюсер Андре Сингердин «Шамал кайда учту» аттуу даректүү тасмасы тааныштырылды. Анда 40 жылга созулган сыноолор жана «Невада – Семей» кыймылы активисттеринин күрөшү тууралуу баяндалат.
Рето Воллеман, Швейцария ТИМ бөлүм жетекчисинин орун басары:
- Семей ядролук полигонунун жабылышынын 30 жылдыгын белгилөө - бул абдан маанилүү окуя, өзөктүк куралсыздануу боюнча максатыбызга жетебиз деген үмүт берип турат. Казакстандагы өзөктүк сыноолордун олуттуу кесепеттери бул маанилүү чечимди кабыл алууга түрткү болду.
Алибек Бакаев, Казакстандын Швейцариядагы элчиси:
- Бул иш-чаранын негизги максаты - Евробиримдикке Казакстандын тарыхында болгон окуяны унутпаганыбызды көрсөтүү менен катар дүйнөдө мындай кайталанбашы үчүн башка өлкөлөр, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарды Казакстан менен бириктирип, толук кандуу системалуу иштөөгө чакыруу болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында казак сүрөтчүсү Карипбек Куйиковдун «Көк жарык» деп аталган сүрөт көргөзмөсү өттү. Швейцариялык көрүүчүлөргө кыл калем чеберинин тагдыры жана анын ядролук темадагы сүрөттөрү чоң таасир калтырды.
Маркус Кремер, каржы тармагынын серепчиси:
- Мен бул тууралуу мурда билген эмесмин. Бирок, тасманын жана Карипбек Куйиковдун үрөй учурган сүрөттөрүнүн аркасында ошол жылдары эмне болгонун билдим. Бул сүрөттөр келечекке үмүт берип тургандай. Кыйынчылыктан жапа чеккендер азап-тозокторун жеңип,
жаркын келечекти жаратуу үчүн талыкпай эмгектенип жатканын көрүп турабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков