Айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө мамлекеттик колдоо

Айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө мамлекеттик колдоо

Бул өндүрүштү өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн жеңилдетилген насыялар болуп саналат. Өлкөнүн Айыл чарба министрлиги буга чейин 14 долбоорду жактырган. Аларды ишке ашырууга 37 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнөт. Караганды облусунда аларды аймактык социалдык-ишкерлик корпорациясы каржылайт. Облустта эки канаттуу фабрикасын модернизациялоо, картошка сактоочу жайды жана 11 сүт-товар фермасын куруу көздөлүүдө.

Сырым Бопанов, Караганды облусунун айыл чарба башкармасынын башчысынын орун басары:

Бул жерде инвесторлорго эки жылдык мөөнөт менен 8 жылга чейин айыл чарба өндүрүш кооперативи аркылуу 4% менен акча берилет, бул жерде эч кандай күрөө талап кылынбайт. Болгону сатылып алынган мал жана техника күрөө түрүндө болот.

Ернар Кулпеисов, Караганды облусунун ишкерлер палатасынын мүдүрү:

- Бизнестин идеялары болот, бирок күрөөсү жок болгондуктан, насыя берүүгө жана гранттарга катышууга, бизнестин жол картасы боюнча улуттук долбоордун сынагына катыша албайт, ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мындай долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кийинки этапта алар көбүрөөк колдоого ээ болот деп ойлойбуз.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылга чейин Караганды облусунун агроөнөр жай комплексинде 141 миллиард теңгеге 72 инвестициялык долбоор ишке ашырылмакчы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков