Өкмөт «Айыл-эл бешиги» долбоорун ишке ашырууну талкуулады

Өкмөт «Айыл-эл бешиги» долбоорун ишке ашырууну талкуулады

«Айыл – эл бешиги» программасын ишке ашырууга быйыл өлкө бюджетинен дээрлик 200 миллиард теңге жумшалды. Каражат өлкөнүн 800 айылында 2 миң долбоорду ишке ашырууга каралган. Бул тууралуу республиканын премьер-министри өкмөттүн жыйынында билдирди. Алихан Смаилов министрлер кабинетине аймактардагы калктуу конуштарды активдүү өнүктүрүүнү жана бул үчүн инвестиция тартууну тапшырды. Ошону менен бирге өкмөт башчы долбоорду каржылоо жыл сайын көбөйүп жаткандыгына көңүл бурду. Үч жылдын ичинде бул максаттарга өлкө бюджетинен 326 миллиард теңге бөлүнгөн.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

Миңден ашык айылда социалдык жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча 3,7 миңден ашык долбоор ишке ашырылган. 33 миңге жакын жумушчу орун түзүлдү. Павлодар, Актөбе, Кызылорда облустарында бөлүнгөн каржыны ишке ашырууда жакшы динамика байкалып жатканын көрүүдөбүз. Бирок Алматы жана Улытау облустарында төмөнкү деңгээл белгиленген.

Өкмөт башчы ошондой эле мамлекет башчынын тапшырмасынын алкагында быйылкы жылы элеттик аймактарды өнүктүрүү концепциясы кабыл алынганын эске салды. Аны ишке ашыруу 2027-жылга чейин пландалууда.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

Анын алкагында «Айыл – Эл бешиги» долбоору айылдын инфраструктурасын модернизациялоонун негизги инструменттеринин бири катары аныкталган. 2027-жылга карата өнүгүү потенциалы жогору бардык 3,5 миң айылды Регионалдык стандарттар системасынын параметрлерине жеткирүү күтүлүүдө. Улуттук экономика министрлиги кызыкдар мамлекеттик органдар жана облустардын акимдиктери менен бирдикте, бардык зарыл чараларды көрүшү жана Айылды өнүктүрүү Концепциясынын максаттуу индикаторлоруна жетишүүнү камсыз кылышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков